"Центерра" компаниясы "Кумтөрдүн" өкүлүнөн акча талап кылуу фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө органдары менен иштешүүгө даяр. Муну 22-октябрдагы маалымат жыйында "Центерранын" президенти Ян Аткинсон билдирди.
Тергөөнү Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүп жатканын айткан Аткинсон: "Бул иш боюнча кандай чечим чагары прокуратура кандай далил табарынан жана кыргыз сотторунан көз каранды",- деди.