Кыргызстанда лицензиялык-уруксат берүү системи жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү системи жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 3-октябрында кабыл алынган эле. 

 

Мыйзамдын максаты – Кыргызстандын лицензиялык уруксат берүү системин оптималдаштыруу. Мыйзам лицензиялоонун негизги багыттарын жана принциптерин аныктайт, лицензиялоого боло турган ишмердүүлүктүн тизмесин, операцияларын, лицензиялык контролдун жол-жоболорун, лицензияларды токтотуу, жокко чыгарууну камтыйт. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан