Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы: "Тажик тарап менен болгон жолугушууда Кыргыз жарандарын сабагандарды жоопко тартуу макулдашылды"

17-май саат 22:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору эки өлкөнүн күч органдарынан турган өкүлдөр менен биргеликте жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кармалган Кыргыз жарандарын сабаганга тиешеси бар адамдарды Тажикстан Республикасынын мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартууну макулдашты.

Чек арага жакын аймактагы жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Аксай айылына жана Ворух анклавына постторду коюу чечими кабыл алынды.

Жакынкы күндөрдө эки тараптын аксакалдарынын жолугушуусу пландалууда.

Баткен облустук администрациясынын жетекчилери Ак-Сайдын эли менен жолугушуу өткөрүп тажик тарап менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-05-18 07:48:45
Кыргыздар таяк жеп анан суранып иш козготобу атайын кылып жатканы билинп калдыго тажиктердин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан