Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Балдарды социалдык коргоо боюнча 2012-2014-жылдары КРнын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын жана КРнын Балдар кодексинин аткарылышы талкууга алынды.
Депутат Дамира Ниязалиева: "Кыргызстан жакшы мыйзамдарды иштеп чыгуу жагынан алдыда болгону менен, мыйзамдарды иштетүүгө келгенде кебелбегендей түр көрсөткөнү – тиешелүү органдардын ишке болгон кайдыгерлигинен",- деди.
Аталган стратегияда фостердик үй-бүлөлөрдү каржылык жактан колдоо жагы камтылыптыр. Мындай бала багып алуучу ата-энелерге 17 миң сомдон төлөп берүү сунушталган.
"Бул негиздер терең иликтенбесе, анда айрым бир ата-энелер өздөрүнүн балдарын интернаттарга өткөрүшүп, кайра эле өздөрү аларды багып ала башташса кандай болот?"- дейт депутат Ыргал Кадыралиева.
Талкуу соңунда жогоруда аталган маселелер боюнча атайын Өкмөттүк күн өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Өкмөттүк күндүн кайсы күнү болору азырынча белгисиз.