Биз социалдык тармакта

Өлкөдө тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 3,9 пайызга төмөндөдү

Кыргыз өлкөсүндө ушул жылдын январь-март айларында тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 405 миллион 600 миң долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайызга азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Ошол эле учурда экспорт 426 миллион 500 миң долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 8,9 пайызга төмөндөгөн. Импорт 979 миллион 100 миң долларды түзүп, 1,5 пайызга азайган. Муну менен өлкөдө экспорт 30,3 пайызды, импорт 69,7 пайызды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан