Индияда коронавирустан каза болгон 76 жаштагы Шакунтала Гайквад аттуу аял туугандары анын сөөгүн өрттөө алдында ыйлап, көзүн ачты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал айылдан коронавирус жуктуруп алгандан кийин ооруканада бош орун жок үйүндө дарыланган. Бирок абалы улам начарлай бергендиктен, туугандары Барамати шаарындагы ооруканага алып барышкан. Ооруканада дагы кезек күткөндөр көп болгондуктан, ал оорукананын астынан өзүн жоготуп, жүрөгү сокпой калган.
Туугандары аны өлдү деп ойлоп, айылга алып барып өрттөгөнү жатканда, ал күтүүсүздөн ыйлап, көзүн ачкан. Туугандары таң калып, аны дароо ооруканага алып барган жана ал учурда ооруканада.
Индияда коронавирус инфекциясы өтө тездик менен көбөйүүдө.