Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Орусиянын Уфа шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады. Анда муфтий Орусия мусулмандарынын борбордук дин башкармалыгынын 225 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан "Орусиядагы ислам жана мамлекет" аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.