Бүгүн, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын музейлеринин эшиктери бардык шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, музейлерде келген коноктор үчүн көрүнүктүү инсандардын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу экскурсиялар сунушталат жана кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
Сүрөт тартуу, скульптура жасоо жана прикладдык искусство: түстүү жүндөн, кийизден, көлөмдүү топтордон жасалган буюмдар, кагаздан гүлдөрдү жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Музейлердин даректери: