Биз социалдык тармакта

Бишкекте 4 ай ичинде миңден ашык айдоочу мас абалда унаа башкарганы аныкталды

Милициянын кайгуул кызматында 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 4 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 111 миң 628 протоколдор толтурулду. Бул өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 76 миң 202 протоколго көп түзүлгөн.

Алардын ичинен :

- Унааны тийиштүү документтери жок айдоо - 1 миң 348;

- Мас абалында унаа башкаруу - 1 миң 122;

- Авто ээн баштык - 21;

- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 229;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 108 908;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8 миң 150 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан