Айрым жергиликтүү маалымат булактардын бири Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынат деп жазышууда.
Бул боюнча Ош шаардык мэриясына байланышканыбызда, басма сөз кызматы буларды билдирди.
"Биз кадимкидей режимде иштеп жатабыз. Эч ким эч кайда кеткен жок. Айрым сайттар "өздүк булактар билдирди" деп жазып жатышат", - деди басма сөз кызматы.