2020-жылдын 14-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Трудовая көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Эркек кишинин жашы болжол менен 40-45 чамасында. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы күрөң. Үстүңкү эки тиши сары.
Кийген кийимдери: Кара күрмө, көк көйнөк.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билип, тааныган болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 352-605, 0705 450-553, 0551 088-330, 0553 102-465 жана 102.