"Үчөө өспүрүм". Тажикстандагы жер көчкүдөн 5 адам каза болду

Тажикстандын түндүгүндө жер көчкүнүн кесепетинен беш адам, анын ичинде үч бала каза болду. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Каргашалуу окуя Согди облусунун Деваштич районунда болуп, жер көчкү үйдү басып калган. Натыйжада беш адам, анын ичинде үч бала каза болгон. Көчкү бакчанын аймагындагы бакчанын туура эмес сугарылышынан улам келип чыккан", - деген Юсуфи.

Анын айтымында, жер көчкү үйдүн дубалын жарып, андан кийин чатыры кулап түшкөн.

"Каза болгон аял 23 жашта болчу, жер көчкү үч кичинекей баласынын өмүрүн алды", - деген Юсуфи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Safiya91
2021-05-19 07:45:57
Тобоо кылдым. Аллах баарыбызды коруп турат.
+10
Rusi79
2021-05-19 08:02:16
Аллахым айтылбай келген кырсыктан,айыкпас оорудан,бей ажал олумдон,ичи арам душмандан сактасын.
+9
PFC-CSKA
2021-05-19 08:04:59
Байкуш наристелер.жайы жаннаттан болсун.
+9
Asmat84
2021-05-19 09:09:30
Аллах баарын көрүп билип турат, ушул кырсык Иманали рахмонго барса экен. Бей күнөө биздин наристелерди өлтүргөн үчүн кудай таалам жазалап жатат
+8
Sonyasonya
2021-05-19 10:13:37
Asmat84,Таба эмес,тобоо кылалы,Бир тууганым
+4
Aselya_9105
2021-05-19 11:00:03
Аллахым кырсыктардан сактай көр.
+3
Aicha777
2021-05-19 18:14:28
Кудайым кыргызымды бөөдө кырсыгынан сактасын. Таба эмес, тобо кылдым. Кудай өзү жазалап жаткандай...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан