Талас ОИИБинин кызматкери Бакас Тасымбаев пневмониядан каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кызматкер 1988-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында туулган. Облустук ички иштер башкармалыгында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Кызматкердин артында 2 уул, бир кызы калды.
Облустук ички иштер башкармалыгы кызматкер Бакас Тасымбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.