Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңеште бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "2021-жылдын жана 2022-2023-жылдарга республикалык бюджеттин болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланат.
Күн тартипке 11 маселе киргизилген. "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору, Памирдин Жумагуловду Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө токтом долбоору каралат.