Келерки жылдын январынан баштап Кыргызстанда социалдык стационардык мекемелердеги балдар үчүн тамак-ашка бөлүнгөн каражаттын суммасы 65 сомдон 100 сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы 22-октябрда билдирди. Алардын билдирүүсүндө бул үчүн бюджеттен 36 миллион 4 жүз миң сом каралат.