Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов комитеттин жыйынына эмнеге келбей койгонун сурады.
Толкунбек Абдыгулов коронавирус илдетин жуктуруп алып, бир жарым ай дарыланганын айтты. "Дүйшөмбү күндөн баштап жумушка чыктым. Ооруканадан ооруп жаткан депутаттар менен жолугуп жаттым", - деди ал.
Депутат ооруганы тууралуу тастыктама берүүнү суранды. "Менде шек жаралып жатат. Сизди жумушта отуруп комитет жыйынына келбей койду деп айтышты. Ооруганыңыз тууралуу расмий тастыктама берип коюңуз", - деди депутат.