Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 120 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.
"Анын ичинен лабораториялык жактан тастыкталгандардын саны 80. Бишкек шаарынын райондору боюнча 88: Ленин району 32, Биринчи Май району 19, Октябрь району 12, Свердлов району 25. Башка аймактан келип, Бишкек шаарына каттоого алынгандар 32. Оорунун симптому менен кайрылгандар 102, симптому жоктор 18. Ооруканага жаткырылгандардын саны 54, үй шартында дарыланып жаткандар 62", - деп билдирди Рыскулбекова.