Кечээ, 18-май күнү Ак Үйдүн имаратына кирүүгө аракет кылган жаранды "Тез жардам" кызматы алып кетти.
Маалыматка ылайык, ал аталган жерге костюм-шым кийип келип, президент болом деп Ак Үйгө кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу видео "Короче" телеграм каналына жарыяланды.
Кийинчерээк ал жаран Республикалык психикалык ооруканасында каттоодо тургандыгы аныкталды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталы аталган мекеменин директору Ураимжан Исмаиловго байланышканыбызда тастыктады.