Улуу Британиянын супермодели жана актриса Наоми Кэмпбелл 50 жашында эне болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.
Актриса өзүнүн баракчасына жаңы төрөлгөн кызынын гүлдүү көйнөкчөн сүрөтүн жарыялады. Анда Кэмпбелл кызынын бутун колуна кармап турат.
"Кичинекей периште мени эне катары тандап алды. Менин дүйнөмдө ушул назик жандын бар экендиги менен сыймыктанам. Дүйнөдө мындан өткөн чоң сүйүү жок", - деп жазган ал.
Анын посту бир миллионго жакын "жакты" белгисин топтоп, 26 миңдей билдирүү алган.
Белгилүү болгондой, бул моделдин биринчи ымыркайы. Ал турмушка чыга элек.