Социалдык фонддун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө ушул жылдын январь-апрель айларында 3 миң 543 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Арыздардын ичинен:
Маалыматта айтылгандай, ушул айларда келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелер боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылууларынын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түштү:
Ошондой эле социалдык фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары тарабынан 27 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду.
Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 ишеним телефону жана 0555 64-04-16 уюлдук ишеним телефону аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.
2 миң 999 телефон чалуулар, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 381 чалуулар түшкөн.