Москвада Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мушташ Москвадагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында 6 жаран ооруканага түшүп, 9 жаран тергөө иштерине байланыштуу полиция бөлүмүнө жеткирилген.

"Жаңжал тууралуу маалымат полицияга кечинде келип түшкөн. Айтылган дарекке полиция кызматкерлери барып, жарадар болгон 6 жаранды "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткиришкен. Ал эми кармалган жарандын ичинен экөө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса, жетөө майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжалга жалпы 15 адам катышкан. Алар Кыргыз жана Тажик жарандары", - деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматына байланышканда, юристтер маалыматты тактап жаткандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Egizderim-baktim
2021-05-19 16:09:47
Суранам силерден Мекендештерим бироон мушташсан баарыбызга соз тиет, чет жерде акырын иштеп, акырын кетип калалы. Эгер кучунор ашып атса Мекенге барып чек араны коргогула ошол лолулордон
+19
portugalia
2021-05-19 16:35:36
Тукумун кургур тажиктер кыргыздан айланып кеткиле.
+20
baltabaev
2021-05-19 16:48:09
Ким уруптур ким жептир тактап жазгыла да ушунча чыгаргандан кийин с/и
+11
Gulina90
2021-05-19 19:11:02
Чаликтерге тенелбегиле туугандарым,аман-эсен үй-бүлөлөноргө кайткыла.Рф биздикилерди күнөөлү кылып койбосо болду.
+14
Akyl78.1501
2021-05-19 22:07:10
Метро Проспект Вернадскогодо болуптурчайхана Райхан дегенде метронун жанында. Ошо чайхана тажиктердики болсо кирбей эле койгулачы ошо жерден чай ичпесеңер ичпегилечи
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан