Биз социалдык тармакта

УКМК Чоң-Алайдагы чек ара чыры боюнча айткан депутатка жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевдин Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үн катты.

"Мамлекеттик чек аранын Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чектешкен тилкесинде абал туруктуу. Өлкөнүн чек ара боюнча ведомствосу коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК жарандарды Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал турукташып калганда кайрадан курчутууга себеп болгон билдирүүлөрдү таратпоого чакырат.

Белгилей кетсек, депутат Аккулу Бердиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду чакырып, маалымат угууну сунуштаган. Ал “Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып жатат деп кооптонуп, телефон чалып жатышат. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, - деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rafo80
2021-05-20 01:59:16
Биздикилер да алдын алып эл казган окоптордон казбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан