Биз социалдык тармакта

Бишкекте маданий демилгелер көргөзмөсү болуп өттү

18-19-май күндөрү Бишкек шаарында маданий демилгелер көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты.

Маданий демилгелер көргөзмөсүнүн максаты - салттуу билимдер менен маданий практикаларды популяризациялоо.

Иш-чаранын алкагында ири кѳргѳзмѳ өтүп, панелдик талкуулар, презентациялар, тегерек столдор, мастер-класстар уюштурулган. Кѳргѳзмѳгѳ 20дан ашуун уюм катышып, долбоордук ишмердүүлүктүн уникалдуу жыйынтыктарын: мультимедиялык тиркемелерди, басылмаларды, кинофильмдерди, аудио жазууларды, сайттар менен электрондук платформаларды, улуттук кийимдердин реконструкцияланган комплекстеринин үлгүлѳрүн кѳрсѳтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан