Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Рысбекова Жыпариса Боронбаевна Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, президент башка жарлыктарга дагы кол койгон. Ага ылайык:
— Арипова Айгүл Көкташевна президенттин администрациясынын канцеляриясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Усеков Уланбек Абдилазизович президенттин администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары — иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.