Ош шаарында акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт, мындан сырткары бардык майрамдык иш-чараларга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 19-майда өткөн эпидемияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
"Учурдагы пандемиялык кырдаалга байланыштуу 24-майдан 25-июнга чейин окуучулардын бүтүрүү кечелерин өткөрбөө боюнча күчөтүлгөн иш-аракеттер көрүлөт. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин арасында коронавируска каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, пандемия башталгандан бери Ош шаарында коронавирустун жана пневмониянын 5885 учуру катталган.