Биз социалдык тармакта

Тышкы иштер министрлиги Палестина-Израиль бийлигин куралдуу зомбулукту токтотууга чакырды

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Палестина-Израиль жаңжалы боюнча билдирүү таратты.

Аталган мекеменин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө Тышкы иштер министрлиги Палестина-Израиль кризисин куралдын күчү менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган.

"Тышкы иштер министрлиги Палестина аймактарындагы кырдаалдын акыркы бир нече күндө курчуп кеткендигин жана анын жүрүшүндө тараптардын ракеталык соккулар менен өз ара алмашуусу көптөгөн курмандыктарга алып келип, эки тараптан тең жүздөгөн адамдар жабыркагандыгын терең тынчсыздануу менен кабыл алат.

Тышкы иштер министрлиги тараптарды этияттык менен иш алып барууга жана баарынан мурда жапа чегип жаткан бейкүнөө жарандарга карата ар кандай куралдуу зомбулукту токтотууга чакырат.

Тышкы иштер министрлиги көп жылдан бери созулуп келе жаткан Палестина-Израиль кризисин куралдын күчү менен эмес, сүйлөшүү жолу менен гана тынчтыкка жетишүүгө жана жөнгө салууга болот деген терең ишенимин билдирет. Эки эл тең ыйык туткан жерлерди сыйлоо жана урматтоо өз ара ишенимди чыңдоого түрткү берип, жаңжалды мындан ары токтотууга кепилдик болот деп ишенет", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rusbayastan
2021-05-20 00:02:46
Жон койбоптур да
+2
Dalil
2021-05-20 00:36:02
Тышкы иштер министри башкаларды коюп ички иштер министриге айтып койгула тажиктер тынбай жер талашып кундон кунго еврейлердей эле жылып кирип келе жатышат эси барда аракетин кылбаса бир кун барып биз дагы Палестинага окшоп калабыз
+4
zam81
2021-05-20 00:36:30
Жардын
0
nukura_jigit
2021-05-20 07:28:59
Эмнеге жон коюш керек?
Биз озубузду озубуз сыйлабай жатсак, башка сыйламак беле. Айта берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан