Биткоиндин наркы үчтөн бир эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга өткөн суткадагы Кытай бийлигинин чечими себеп болду. Аталган чечим жарыяланган учурда бир биткоин 36 миң 846 долларга бааланган, бул акыркы 24 саат ичинде баанын 15,1 пайызга төмөндөшүн билдирет. Бирок саат 16:14тө баа 33 миң 919 долларды түзүп, 37,2 пайыздык төмөндөөгө туура келген.
19-майда Кытай Эл банкы (өлкөнүн борбордук банкы) криптовалюталардын укуктук статусу боюнча позициясын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, өлкөдө ар кандай криптовалюталар төлөм каражаты катары колдонулбайт.