Кыргызстанда текшерилген 7058 коомдук тамактануучу жана соода жайларынын 4032си талапка жооп бербейт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын 23-октябрдагы берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда текшерүүдөн өткөн 7058 коомдук тамактануучу жана соода кылуучу жайдын 4032си тийиштүү талаптарга жооп бербейт. Рейддик текшерүүгө Бишкек жана Ош шаарларынын мэрия кызматкерлери, аймактык мамлекеттик администрация, ички иштер бөлүмү, ММКлар, ошондой эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты. 20-сентябрдан 18-октябрга чейин текшерүүдөн өткөн объекттердин басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, 57 пайызы санитардык мыйзамдарды бузганы белгилүү болду. Мындан сырткары аталган жерлерде тейлеп, кызмат көрсөткөн 34 413 адам (60 пайыз) жумушка кирер алдында медициналык кароодон өткөн эмес.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан