Исмаил Исаков: "Кумтөр" боюнча өкмөттү отставкага кетириш керек"

ЖКнын жыйынында депутат Исмаил Исаков "Кумтөр" боюнча ЖКнын тийиштүү комитетинин токтомун сынга алды. Депутаттын айтымында, токтомго "өкмөт парламенттин февраль айындагы токтомун аткарган жок" деп жазыш керек болчу. "Токтомдо эгер өкмөт сүйлөшүүдө жыйынтыкка жетише албаса, келишимди денонсациялоо керек деп жазылган. Биз өкмөттү отставкага кетсин дешибиз керек эле. Бир позицияны бекем карманалы, токтомду арактан башы ооруган бирөөлөр жазгандай болуп калыптыр. Комитет жетекчиси "сунуштар эске алынды" деп жатат. Бир да сунуш эске алынбаптыр",- деди.  

 

Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев "токтомду башыбыз оорубай эле, соо башыбыз менен жаздык. Токтомдо "эгер өкмөт үлүштү 67 пайызга жеткире албаса, анда 2003-2009-жылкы келишимдерди жокко чыгарыш керек деп турат. Ушунун өзү денонсация",- деди.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан