Биз социалдык тармакта

21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 21-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21…+26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан