Орусияда жашаган ар түрдүү улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү Москва шаарынын мэриясына улутчулдардын 4-ноябрга пландалып жаткан "Орус маршы" акциясын токтотууну суранышты. "Интерфакстын" 22-октябрдагы билдирүүсүндө, эгер улутчулдардын акциясы токтотулбаса мигранттар каршы митингге чыгышарын билдиришти. Жооп катары чыгып жаткан митингди Орусиядагы Мигранттар федерациясынын башчысы Мухаммад Амин уюштурууда. Амин " Улутчулдардын акциясы күнөөсүз адамдарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырат" дейт.
Эске салсак, Орусиянын борборунда өтүүчү улутчулдардын "Орус маршы" акциясы Москва шаарынын Люблино районунда өткөрүлгөнү жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар шаар мэриясына тиешелүү кат жиберишкен.