Ушул жылдын титулдук тизмесине ылайык, мектеп жана бала бакчаларда оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгы Билим берүү башкармалыгынын талабы боюнча билим берүү мекемелерин оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

"№75 бала бакчанын имаратынын фасады, дренаж тутуму, №6 автордук окуу-тарбия комплексинин актовый залы жана фойеси, №28 мектеп-лицейинин жылытуу тутуму оңдолот. №27 мектептин чатырын оңдоо керектелет. Капиталдык оңдоо иштерине каражат шаардык бюджетте каралган. Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.