Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети бүгүн балдар үйүнө жардам берет
Бүгүн, 23-октябрда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери "Билайн" уюлдук оператору биргеликте шаардагы "Боорукердик" балдар үйүнө жардам берүү үчүн барышат. Алар аталган балдар үйүнө колдоо көрсөтүү максатында азык-түлүктөрдү алып баруу менен бирге балдар үчүн сый тамак уюштурушат. Мындан сырткары балдарга концерттик программа тартууланат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирет.