Биз социалдык тармакта

Материалдык чыгым 200 миңден ашык. Таласта катуу шамал катталды

Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-май күнү саат 16:00 чамасында Бакай-Ата жана Ак-Дөбө айыл аймактарында секундасына 15 метрге жеткен шамал катталган.

"Шамалдын кесепетинен бир нече үйлөрдүн жана имараттардын чатырын шамал учуруп кеткен. Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМнын Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Кечээ, 20-май күнү комиссия тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Жалпы материалдык чыгым 244 миң 140 сомду түздү", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан