Буга чейин Маевка айылындагы эмерек цехи күйүп жатканы маалымдалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу маалымат берди.
Анда айтылган алдын ала маалымат боюнча, Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө №4 дарегинде жайгашкан эмерек цехинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:37де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:45те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:42де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, саат 09:53тө Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм, саат 09:50дө штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.