Биз социалдык тармакта

Боз үй тигилүүдө. Муфтияттын алдында митинг өтүп жатат (фото)

Бүгүн, 21-майда Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өтүүдө. Анда чогулган тараптар муфтийди эл шайлашы керек деген талапты айтып чыгышты.

Мындан тышкары муфтийди шайлоо таза өтүшү керек деген пикирлерди айтышууда. Учурда муфтияттын алдына боз үй тигилүүдө. Эл муфтийди шайлаганга чейин акция уланары айтылды.

"Өлкөдөгү диндин башчысы дагы таза болушу керек. Муфтийди эл шайлашы зарыл. Ошондо шайлоо таза өтөт", - деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nuuman
2021-05-21 11:28:30
Койгулачы, митингчилердин ичинен такыба намазкан адам жок. Алар мындай ишке барбайт, өзгөчө диний иштерде.
+10
Kuban-1207
2021-05-21 11:35:09
Муфтийдин кереги жок
-7
Munarbek1988
2021-05-21 11:37:05
Иши жок адамдар... Кыларга иши жок митингге чыгып атат. Эгер бир жерде бир иштин башын кармаса митинг кылганга убактысы болбой калмак... Булардын колунан иш кылыш да келбейт.
+9
Urmat78
2021-05-21 11:39:34
Бакайды шайлайлыбы.Эртен аялы күйөөсү ажырашкысы келсе дагы кетсин деп митингге чыгып калат окшойбуз
+2
ruslan.78.23
2021-05-21 11:45:26
Ушу митингке аябай катуу закон чыгарыш керек
+9
NURSAPAR
2021-05-21 11:53:00
Баары түгөнүп силер эле калдыңар эле.
+7
bekalife
2021-05-21 15:05:20
Согунойун десем тууру келбей калатта. Ошол.
+1
Asmat84
2021-05-22 13:00:39
Жанагы бакай деген дүжүр чал бар го ошону жоопко тартмайын митингдер боло берет. Ушул митингдердин башында ошол шал турат
+1
Munarbek98
2021-05-22 22:46:07
Митингтен тажабаган эл болдук биз. Уялышыбыз керек да кичине. Күндө эле митинг, күндө эле митинг
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан