Өлкө аймагында социалдык тармактарда "педофилдердин тобу пайда болду" деген жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган фейк кабар WhatsApp мессенжеринде өзгөчө ата-энелерден түзүлгөн топтор арасында тарап жатат.
"Текшерилбеген маалыматты таратып, коомду дүрбөлөңгө салбоону суранабыз. Жалган маалыматтын жайылышына жол бербөө керек. Жалпы жарандарды так эмес маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.