Депутат Бөдөш Мамырова "Кумтөр" боюнча өкмөт башчынын аракетин сындады. "Жантөрө Сатыбалдиев "мага канча убакыт берсеңер да, мындан артык эч нерсе кыла албайм" дегендей сүйлөп жатат. Биз аны мажбурлап дагы сүйлөшүү үчүн 2 ай убакыт берели деп жатабыз. Ал болсо "мейли, сүйлөшүп "Центеррага" дагы бир чөгөлөп көрөйүн" деп жатат. Мындай болбойт, төрага, сиз дагы активдүү болуп, талкууга аралашсаңыз",- деди Мамырова.
Төрага активдүү эле катышып жатканын айтты. "Активдүү эле катышып жатам, анда силерди сүйлөтпөй эле өзүм жыйынтык чыгара берейинби?"- деди Жээнбеков.