Буга чейин Маевка айылындагы эмерек цехи күйүп жатканы маалымдалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 12:11де толук өчүрүлгөнүн кабарлады.
"Такталган маалымат боюнча, Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө №4 дарегинде жайгашкан эмерек цехинен чыккан өрт саат 12:11де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 800 чарчы метр аянты күйгөн", - деп айтылат маалыматта.