ЕврАзЭстин саммитинде Кыргызстан менен Армениянын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланат

 Беларусь мамлекетинин президенти Александр Лукашенко КМШнын аткаруучу комитетинин жетекчиси Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда "ЕврАзЭстин саммитинде Кыргызстан менен Армениянын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланат" деп билдирди. "Биз Бажы биримдигине кирүүнү мурдагы советтик республикаларга, өзгөчө Украинага сунуштап жатабыз. Келечекте Евробиримдиги жана Азия-Тынч океандык экономикалык кызматташтык байланышты карайбыз. Минск шаары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө шарт түзгөн шаар болуп бере алганына кубанычтамын", - дейт Лукашенко. КМШнын аткаруучу комитетинин жетекчиси Беларусь өлкөсүнүн саммитке болгон жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилеп өттү. Мамлекет башчылар кеңешинин жыйынында экономика, гумманитардык тармактар, коопсуздук, маданият жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын белгилөө маселелери каралат. КМШ менен ЕврАзЭстин саммити 24-25-октябрда Минск шаарында өтөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан