Баткен облусунда 61 жаштагы Кутмамат Саипов аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-май күнү 13:00 чамаларында Баткен районунун Зардалы айылынын тургуну Жылы-Суу участкасында Кара-Бак - Зардалы маршруттук каттамынан белгисиз тарапка түшүп кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты Баткен РИИБинин электрондук журналына "дайынсыз жоголуу" фактысы менен катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү жемпир, астында кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, чачы ак, сакал-муруту бар.
Милиция сүрөттөгү жаранды таанып же көрүп калса, төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: (03622) 5-17-56, 0774 77-86-88, 0709 73-66-37.