Чүйдүн Сокулук районунда 37 жаштагы Айбек Нурсейитов аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 26-апрель күнү Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачтары кара.
Кийген кийими: кара түстөгү куртка, ачык түстөгү жеңдүү футболка, кара түстөгү шым, бутунда кара спорттук шым.
Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, кабарлап коюуну суранат: 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29.