Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;
— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;
— Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;
— Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды;
— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына ылайык:
— Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;
— Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду;
— Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.