Биз социалдык тармакта

Улукбек Марипов Кадамжай шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Бүгүн, 22-майда Улукбек Марипов Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн туура жолу тандалган этапта турат. Жолдор, каналдар, мектептер жана бала бакчалар курулуп жатат. Ошол эле учурда биз калктын башка муктаждыктарын да эстен чыгарбайбыз. Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, Баткен облусунун Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүндөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жакын арада Баткен облусунун көрүнүшү өзгөрүшү керек.

"Өлкө парламентине Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Бул чектеш айылдардын ыкчам темпте өнүгүүсүнө көмөк берет", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Кадамжай шаарындагы М.Нургазиев атындагы каналга барып, канал жээгиндеги бетон бордюрларынын курулуш долбоору менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mr.altynbek
2021-05-22 15:55:42
Жомокчулар........кадамжайдагы шартты башыбыздан откоробузго биз
0
Agayu
2021-05-22 16:20:27
Ушул Марипов Тейлор борборунан качан чыгат башка ишке.Чыкса мага кабарлар койгулачы
0
Brilant-zhylan
2021-05-22 20:02:55
Марипов келди вас кач эле кач жолдон деп журушот эле кудай келгендей тосуштуго
+1
shahlet
2021-05-23 00:24:39
Brilant-zhylan,ой ар дайым эле ошондой болотко чондор келгенде. Шылтоо менен шаар тазаланып калды
0
Flowhive
2021-05-22 21:42:58
РайЗАГСка да бир кирип койсо билет эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан