Биз социалдык тармакта

Жарактан чыккан вакциналар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында митинг болуп өттү

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери митингге чыгышты. Анда алар аталган борбордун жетекчиси Нурлан Галбаевдин кызматтан алынганына нааразычылыгын билдиришти.

Митингге чыккан тараптар министр Алымкадыр Бейшеналиев чыгышын дагы талап кылышты.

Ал эми министрликтин өкүлү чыгып, биргеликте жыйындар залында отуруп сүйлөшүүнү сунуштады.

Митингге катышып жаткандар №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисин кайра кызматка алып келүүнү суранышты.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калган. Буга байланыштуу №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурлан Галбаев кызматынан бошотулган.

Муздаткыч өчүп калып, жарактан чыгып калган вакциналарды эсептен чыгаруунун материалдык чыгымы 800 миң сомдон ашканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JaneEr
2021-05-22 17:41:36
Ошол жерде иштегендер чогултсун 800 сом.Ким мойнуна алат чыгымды?
+3
Asmat84
2021-05-22 22:52:04
Болоор болбос нерсе үчүн митинг пикет чыгара бербей, андан көрө тиги дин душмандарын көрүп атасыңар го тиги бакырчаак текедей болгон бакай шүмшүк менен дагы бир сакалың өртөнгүр чал чыгып эле биздин аалымдарга устаздарга асылып атышат. Бул шүмшүктор ошол Чубак ажынын, Абдышукур ажынын, Максат устаздардын чычып койгон богуна тең келишер бекен. Ошол динсиз дин душмандарын кыргыз элимдин алдында кечирим суратыш керек Альхамдулилла мусулман болуп калганыма миң мертебе шүгүр кыламын
+8
NURSAPAR
2021-05-22 22:52:20
Митингсиз жашоонун кызыгы жоктой болуп бара жатат окшойт. Дагы башка талаптар жокпу?
+5
Aibek_eka
2021-05-22 23:02:28
Токтоткула митинкти тойгоздунар кысчуу жеринерди кысып отургулачы
+8
jaskaaa
2021-05-23 08:29:54
Иштей албаса алат гоо,баш алчуудай чыгасынаргоо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан