Бүгүн, 24-майда парламент комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов жасайт.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында 4 маселе каралат. "Кыргыз Республикасынын инвестициялар тармагындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасы жөнүндө маселе талкууланат.