ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып Караколдогу митингде сабалгандарды табуу керектигин айтты. Айтымында, бул иш ушул бойдон жабылып калбашы керек. "Митингчилерди сабагандар ИИМдин же УКМКнын балдары эмес. Анда алар кимдер? Азыр ар бир "крутой" кишинин 200дөн автоматчан адамы бар. Же бир башка чиновниктердин балдары сабадыбы? Муну сөзсүз такташ керек",- дейт Жолдошова.
Жыйында буга чейин бул маселени депутат Равшан Жээнбеков айткан эле. Жээнбеков митингчилерди бирөөлөр шаардын четине алып чыгып, башына кап кийгизип сабашканын билдирди.