Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл облустук милициясы орто жана улук жетектөөчү курамга сынак жарыялайт

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы орто жана улук жетектөөчү курамына кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкерлер жогорку юридикалык билимге ээ болуусу керек.

Талапкерлерге талаптар:

- Аскердик же альтернативдик кызмат өтөгөндүгү;

- Жаш курагы 19 жаштан 35 жашка чейин;

- Эркектердин бою 170 сантиметрден, ал эми айымдардыкы 165 сантиметрден төмөн эмес.

Ал эми сынакка катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- Жеке арызы;

- Кадрда катталган баракчасы;

- Өмүр баян;

- Өмүр баян жөнүндө реферат;

- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- Аскердик билет;

- Паспорттун көчүрмөсү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- 9x12 сантиметр көлөмүндөгү (1 даана) жана 3x4 сантиметр көлөмүндөгү (4 даана) сүрөттөр;

- кеминде үчтөн кем эмес сунуштама кат;

- балдардын туулгандыгы жөнүндө (эгерде балдар бар болсо) жана нике күбөлүктөрүнүн (эгер никеде болсо) көчүрмөлөрү;

- Ички иштер органында кызмат өтөөгө ылайыктуулугу жөнүндө аскердик-медициналык комиссиянын медициналык корутундусу.

Арыздарды жана документтерди тапшыруунун акыркы күнү 12-июнь.

Бардык суроолор боюнча Ысык-Көл ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот: (03922) 5-10-55, 5-88-80, 070114-04-09.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан