Биз социалдык тармакта

"Жалган маалымат берип жатасыз". Депутат саламаттыкты сактоо министринин орун басарын сындады

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бурун Аманова коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн абалы кандай экенин сурады.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов: "Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин 3 күндүн ичинде телефон чалып жарандын абалын сурашат", - деп жооп берди.

Ошол учурда депутат Осмон Турдумамбетов ал эмдөөдөн өткөндөн кийин ага эч ким чалбаганын айтты. "Мен да вакцина алдым, мага эч ким чалган жок. Жалган маалымат берип жатасыз", - деди депутат.

Министрдин орун басары бул маалымат тактала турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан