Биз социалдык тармакта

"Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу". Бишкек-Тауэрдин эскизи сунушталды

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы Бишкек-Тауэрдин эскизин даярдашты. Бул тууралуу маалымат аталган ишкананын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууга азырынча каражат жок.

"Биз фантазиябызга эркиндик берүүнү чечип жана Бишкек мунарасынын эскизин жаратууга багыт алдык. Албетте, биз азыр мындай дымактуу долбоорлорду ишке ашыра турган мезгил эмес экендигин түшүнүп турабыз, бирок дагы деле болсо келечекти көздөп, аны даярдоону каалайбыз.

Мунаранын башкы максаты - кыргыздын иконикалык объектисин түзүү, бул Нур-Султан шаарынын Байтерек, Тегерандагы Азади жана Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу Бишкек шаарынын символу боло алат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Scorpion_09
2021-05-24 14:57:46
Соонун го
+8
nukura_jigit
2021-05-24 16:50:40
Канча чыгым кетет эсептеп көргүлөчү?
Если че акча котором
+5
Kari
2021-05-24 19:24:33
Жакшы ой максат экен.Материалды эсептесенер,жумушчу кучун жумаасына бир эки кундон Кыргыз жигиттери жардам берет деп ишенем.Ар бирибиз 100,200 дон салсак да бир тарабын которо алаарбыз
+4
Usmanbekali
2021-05-24 20:24:30
Бул деле буга чейин ипподром курулат, футбол стадион салынат,ж.б.у.с лардын бир түрү боюнча калып кетээр бекен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан